Евробиримдик жана Беларус «жарым жолдо» турат

Евробиримдиктин өкүлдөрү шейшемби күнү Брюсселде Беларустун тышкы иштер министри Сергей Мартынов менен кездешти. Эки жак Брюссел былтыр октябрда 41 даражалуу беларус жетекчисине Биримдикке каттоого уруксат бергенден кийин койгон талаптын аткарылышын талкуулашты.

Брюссел Беларустун Чыгыш Кызматташуу долбооруна тартууга дилгир. Долбоор мурдакы постсоветтик алты өлкөгө Москванын таасирин азайтууга багытталган Биримдиктин Коңшулары саясатынын бир бөлүгү.

Евробиримдик Беларуска өткөн декабрдан бери кылдат көз салып турду. Октябрда Брюссел мартабалуу 41 беларус чиновниги үчүн Биримдикке мүчө 27 өлкөгө кирүүгө тыйуу салган 2004-жылкы чечимди алып салып, ырасмий Минск алдына беш талапты койгон. Ага ылайык, Беларус шайлоо кодексин реформалоого, демократиялык баалуулуктарды сактоо үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө, мыйзамдуулукту, адам укуктарын, соз жана жыйындарды өткөрүү эркиндигин сактоого тийиш.

«Азаттыктын» Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын айтымында, Минск Брюсселдин талаптарын аткарса, президент Лукашенко Россиядан алыстоого даяр экенин билдирмек. Бул, өз кезегинде, Беларуска Биримдиктин Чыгыш өнөктөштүгү программасына толук укуктуу мүчө болууга жол ачмак. Программага Армения, Азербайжан, Грузия, Молдова жана Украина тартылган.

Брюсселдик аткаминерлердин ырасташынча, Минск Чыгыш өнөктүгүнө кошулууга дилгирлигин көрсөттү. Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Вальднер да Беларустун тышкы иштер министри Сергей Мартынов менен сүйлөшүү «үзүрлүү» болгонун белгиледи:

- Албетте биз Беларус менен жолдун жарымында турабыз. Бирок алар маанилүү туура багытта баратканын көрүп жатабыз.

Ферреро-Вальднер Беларус өкмөтү маалымат каражаттарын каттоо жеңилдетилет же жакындан тартып, кат аркылуу катталуу мүмкүн болот деп убада кылганын кошумчалады.

Бирок Биримдиктин дипломаттары ырасмий эмес жагдайда айтканга караганда, Беларустагы реформаны тастыктаган далилдер дээрлик жок. Минскиге каттаган Евробиримдиктин делегациялары Брюссел-Минск мамилесинин жакшыруусу үчүн атмосфера оңолуп, бирок реформадан кабар жок экенин ырасташкан. Сергей Мартынов да Брюсселде Чыгыш кызматташуусунун алкагындагы мамиле тең укуктуу болот деген үмүтүн айтып, реформа жөнүндө ооз ачпады.

Кездешүүдө Лукашенконун режимин сындаган бир да сөз айтылбады. Мунун өзү Евробиримдиктин Минск менен кызматташууга жана кантип болсо да Лукашенкону Москванын таасиринен чыгарууга ашыкча дилгир экенин көрсөтөт. Брюсселде Россиянын кысымы астында Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныйт деп да чочушат. Дипломаттардын айтышынча, Беларус жикчил эки аймактын күнкорсуздугун таанычу болсо да, Евробиримдиктин сунушу күчүндө кала берет. Себеби Грузия-Россия согушу учурунда грузиндерди катуу колдогон өлкөлөр азыр Беларус менен кызматташууну жакшыртуу үчүн далбас урушууда.