Шри-Ланкада өкмөттүк аскерлер ийгиликке жетишти

Шри-Ланкада өкмөттүк аскерлер тамилдик жикчилердин акыркы таянычы болгон Муллаиттиву шаарын ээлешти. Шри-Ланканын ордо калаасы Коломбо шаарынын тургундары бул кабарды кубаныч менен тосуп алышканы кабарланууда. “Тамилдик жолборстор” аттуу топ 25 жылдан бери Шри-Ланканын бийлиги менен эгемендүүлүк үчүн күрөшүп келатат. Өткөн жылы тараптар ортосундагы алты жылдык элдешүү токтотулган болчу.