Орусияда Патриархты шайлоо жараяны башталды

Москванын жана бүткүл Орусиянын Патриархын шайлоо жараянына катышуу үчүн бүгүн өлкө башкалаасына жүздөгөн дин кызматкерлери чогулду. Патриарх бери дегенде үч талапкердин ичинен тандалат. Кабарларга караганда, азыр Орус-провслав чиркөөсүн убактысынча жетектеп жаткан Калининград жана Смоленскинин Митрополити Кирилл - башкы талапкерлердин бири. Добуш берүүнүн соңку бөлүгү 27-январда өткөрүлөт. Мурдагы патриарх Алексий Экинчи былтыр 5-декабрда 79 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Орус-проваслав чиркөөсүнүн жолун жолдоочулар дүйнөдө 165 миллион адамдын тегерегинде.