Кыргызга этика берсең этеги ылдый төгүлөт

Жарык көргөн гезиттер турмуштун ар кыл жагдайын чагылдырган материалдарды окурмандарына туртуулады.
“Ачык саясат” гезити “Агым” гезитинин ( 01.09.09-ж №1 жана 16.01.09-ж №2) “Ата Мекен” партиясынын жолбашчысы Ө. Текебаевдин “төшөк оюндары” тууралуу “сүрөттөрүн” жарыялаган сандарын жаманаттыга кызыккан адамдар эл чогулган жерлерде атайылап бекер таратып жүргөнүн белгилеп, буга карата Кыргызстандын белгилүү журналисттеринин ой-пикирлерин ортого салды.

Медиа өкүл Илим Карыпбеков: - Биринчиден, адамдын жеке жашоосуна кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок. Демек, бул сүрөттөрдү гезит бетине жарыялоодон мурда Ө. Текебаевдин жеке макулдугун алуу зарыл болучу. Экинчиден, оппозициянын белгилүү адамы катары ал бардык жерде өзүн сак алып жүрүүсү керек эле. Жалпысынан бул окуядан эч ким уткан жок. Гезит болсо өз деңгээлин көрсөттү.

“Лица” гезитин башкы редактору Бермет Букашева: -Бул жерде “Агым” гезитинин журналисттеринде күнөө жок болсо керек деп ойлойм. Себеби, ал сүрөттү журналист тартпайт. Журналисттер эч убакта мындай ишке барбайт. Ошол сүрөттү тартып келип, буйрук берген адам сөзсүз түрдө жоопко тартылыш керек.

“Айгай” гезитинин башкы редактору Кенжебек Арыкбаев: - Албетте, бул журналистиканын этикасы тургай, этегинен ылдый нерсе. Антип санай бере турган болсок, бийликтин өтө эле бийик жеринде жүргөн адамдар жөнүндө да сөз табылат. Андай маселеде М. Эшимкановдун өзү жөнүндө өтө көп сөздөрдү айтса болот. Бир кезде мен сыйлаган “"Эшимкановдун” турсийге чейин кирип кеткенин, болгондо да кечээ чогуу жүргөн досунун турсийин аңтарганы, этика түгүл, эркектикке да жатпайт.

“Агым” гезитинин мурдагы башкы редактору Керим Айдаров: - Мен ал сүрөт чыга электе эле кызматымдан кеткемин. Ал ишке менин тиешем жок.

“Замандаш пресстин” жетекчиси Кубанычбек Табалдиев: - Бул иш журналистик этикадан да төмөн нерсе. Колдонулбай турган чараларды колдонуп ушундай ишке барган адамдарда уят жок. Биз, ошол “Агым” гезити баш болуп жыйынтык чыгарып, мындай нерсе экинчи кайталанбаш үчүн тыюу салышыбыз керек.

Журналист Султан Жумагулов: - Азыр биз кыргыз гезиттерин окуй албай калдык. Ажаан, кан кызыткан, бири-биринин бетин канжалата тыткан макалалар жана монтаждалган сүрөттөр. Гезиттер эки жаатка бөлүнүп алып, эл ичинде жек көрүү сезимине от жагуу жагынан жарышып жаткандай туюлат. Бизде ата-бабадан келаткан нарк-насил, касиет деген түшүнүктөр бар эле. Элдик азамттарды – буга бийликтеги да, оппозициядагы да мыкчыгерлер кирет,- мынчалык тебелеп-тепсебесек болот эле. Бул жолдон өнүккөн элдер небак эле кеткен. Алар бийликке келгенде маалымат булактарын марионетка кылып алып, карышылашын жер менен жексен кыла бергенден коом бузуларын, туруктуулук болбосуна көзү жетип, мындай “беспределден” баш тартып, маалымат булактары мыйзам чегинде өз озуйпасын орундата берсин деп эркиндикке агытышкан. “Эсиң барда этегиңди жап” демекчи, эртелей бул өңдүү балит ыкмалардан баш тарталы.

Мындан тышкары гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Талас – Манастын Мекениби же Абыке, Көбөштүкүбү?” деген макаласын, Талас окуяларын, кара-бууралыктардын айткандарын, генерал И. Исаковдун “Фергана.Ру” маалымат агенттигине берген интервьюсун окууга болот. Ал эми “Жети жыл мурун карасам, Жер бербейм дептир Адахам” аттуу макалада 2002-жылдын 22-майында “Аалам” гезити аркылуу сөз алган А. Мадумаровдун ошол кездеги ойлорун жарыялап, азыркы жагдай менен салыштырып, “кечээги А. Мадумаров кайда?” деп суроо койгон.

“Жаңы ордо” гезитинин суроолоруна жооп берген ЖК депутаты Осмон Артыкбаев: "Кыргыз өкмөтү өрт өчүргүчтөргө окшоп калды" деп айтты. Анын оюнча коррупцияга малынган, мамлекеттик чиновниктери “рекетке” айланган мамлекеттерге эч качан инвестиция келбейт. Кыргызстанда Орусия менен Казакстандыкы сыяктуу экономикалык саясат жүрбөй жатат.

“Айгай” гезитинин кабарчысы менен Таластагы акыркы окуялар, оппозициянын жүрүшү тууралуу маектешкен ЖК депутаты Роза Отунбаева “Биз бүгүнкү бийликтин Кокон хандыгын куруусуна жол бербейбиз” деп айтты.

Ушул эле гезит “Орус эл жомогунун бүтүшү же Россиянын экономикасы жөнүндө” деген аталыштагы орус тилинен которулган макала жарыялады. Анда: “Чынгы кризистин жексур карааны орус шаарларын аралап, кыскарган жумушчу орундар, токтогон конвеерлер, адамдарына айлык бер албай калган ишканалар эмне кыларын билбей баштары маң. Ошол эле убакта орус жетекчилеринин сүйлөгөн сөздөрү жомокчулардын маегине окшошууда.

Алар баягы эле экономикалык миф менен "кыйратабыз, жыргатабыз деп куру убадаларды берип жатат” деп баяндалды. Буга улай профессор Осмонакун Ибраимовдун “Барак Обама – жаңы тарыхтын жарчысы боло алар бекен?” деген макаласы басылды. Макалада христиан дүйнөсү да, мусулман дүйнөсү да Барак Обамага зор симпатия менен карап турганын, Россия менен мамилени жакшыртып, Америка менен кырды бычык бололу деген саясаттын өзү жеткен акылсыздык экенин, Кыргызстандын тышкы саясатынын эң негизги доктринасы А. Акаев заманында эле абдан ачык жана так белгиленип: “Биз бардык күчтүү мамлекеттер менен жакшы, достук мамиледе болушубуз керек” деп айтылганын эстеткен.

“Кыргыз туусу” гезити өткөн жылдын 5-декабрынан баштап гезит аркылуу калайык-калкка кайрылган талкуу уланып жатканын кабарлап, гезит кабарчысы Жээнбай Түрктүн “Азыркы аш-тойлор – ашыкча чыгым” деген макаласына орун берди. “Өткөндө көлдүн Бозтери айлынан бирөөнүн кара ашына 12 бодо мал союлду деген каңшаар жөн жеринен чыккан жок” деп жазган автор “Өлүм деген бардын малын чачат, жоктун жонун ачат” деген эл накылын эске салат. Макаланын аягына “Ысырапкорчулук – ырыс-кешигибизди кесүүдө” деген ат менен Ысык-Көл облусунун тургундарынын республиканын жалпы калайык-калкына кайрылуусу” кошо басылды.

“Агым” гезити бир байлам кабарларында Данияр Үсөновго ичи күйгөндөр туз жалагыла деп, М. Садыркулов Бакиев менен жолугуп, шаардын мэрлигин сураган экен бирок ажо ага ынабай койгон соң, оппозиция менен жең ичинен көз ымдашып, “үчүнчү күч” сценарий менен алектенип жатыптыр, ал тарапка Э. Ибраимова, Т. Койчуманов, З. Курманов, Г. Куликова, К. Карабеков өңдүү өз кишилерин сүйрөп жатыптыр деп, Орусиялык чириген бай, Путиндин досу, улуту өзбек Усманов менен жолугушам деген А. Атамбаевдин тилеги ишке ашпай калды, буга орустун атайын кызматы кийлигиштиби же Путиндин өзү баш чайкадыбы Алмазга аткез кылыптыр деп, Акүйдөн учуп чыккан айыңдарга караганда биринчи-вице-премьерликке А. Карашев, транспорт министрлигине У. Ормонов, айылчарба министрлигине И. Айдаралиев, ТИМге К. Сарыбаев, Ош губернаторлугуна Ө.Субаналиев, Чүйгө Б. Кумаров, Австрия элчилигине Досбол Нур уулу, Баңгизат менен күрөшүү бөлүмүнө М. Турганбаев, Жалал-Абад губернаторлугуна А. Мадумаров барат деген кеп бар деп имиш таратты.

“Агым” аркылуу оюн билдирген саясат иликтөөчү Улан Орозалиев: “Кыргыз кыргызга жырткычтык менен мамиле жасап калды. “Манас, Манас деп атып, жакында Манастан айрылабыз. Кытайдын интернет сайттарында “Манас – Кытайдын каарманы” деп жазып жатышат. Негизи бар. Анткени кытай мамлекети “Манасты” Жусуп мамайдын варианты боюнча чыпчыргасын коротпой толук китеп кылып чыгарып дүйнөлүк тилдерге которуп жатат” деп күйдү.

"Манас" демекчи, ушул жерден “Азаттыктын” окурмандарынын эсине сала кетсек ашыкча болбос. Улуттук Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтунун деректири Абдылдажан Акматалиев ушу кезде аталган илим мекемесинин үкөгүндө улуу манасчылар Сагымбай менен Саякбайдыкынан башка дагы “Манастын” толуп жаткан варианттары акчанын азабынан жарык көрбөй келатканын, дүйнөдө Куран менен Бибилияны бастыргандар бекер таратарын, Манастын атын алып жүргөн аэропортко жайгашкан америкалык авиабазадан түшкөн миллиондогон долларлардан бир аз эле каражат “ыргытып” койсо, бул тилек орундалмагын, бирок мамлекет Манаска 1 тыйын да бербегендигин, ошондуктан “Манасты” чыгарып Манастын элине бекер таратыш үчүн кыргыздардын ар биринен 1 сомдон кайыр сурап кайрылгандан башка арга жок калгандыгын жакындагы бир жыйында айтып зарлаганы бар.