“Азаттыктын” маектеши маданият жана маалымат министри Султан Раев.
- Жакында маданият жөнүндө мыйзам парламентте кабыл алынды, жаңы мыйзамдын негизги айырмачылыгы эмнеде?
- Өзүңүздөр жакшы билесиздер, биринчи маданият жөнүндөгү базалык мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Бул закон азыркы биздин талаптарга, бүгүнкү турмуштун реалына жооп бербейт, моралдык жактан эскирди. Ошон үчүн биз жаңы көз караштагы, жаңы принципиалдуу, жаңы генерациядагы мыйзамды иштеп чыктык. Бул мыйзам биздин маданият тармагындагы реформага жол ачат деп ойлойм.
- Жаңылануунун өзгөрүүлөрүнө токтолуп кетсеңиз?
- Бул жерде көп жаңылануулар 92-жылдагы законго караганда принципиалдуу түрдө айырмаланат. Ошондой эле бул жерде мамлекеттин маданиятка жасаган саясатында камкордук маселеси күчөтүлгөн, реалдуу механизмдер киргизилен.
- Султан мырза, буга чейин айылдагы маданиятка көңүл буруу маселесин көтөрүп чыктыңыз эле, ал эми сиздин айрым оппоненттериңиз айыл маданиятына эч кандай көңүл бурулган жок деп айтышууда. Бул маселе кандай чечилип атат азыр?
- Айыл маданияты өтө оор маселе, өтө оор проблема. Раев биринчи сөзүн айтканынан гана чечилип кала турган нерсе эмес, бул көп иш, комплекстүү түрдө жасалыш керек. Ошондуктан бизде аракеттер башталып атат, процесстер болуп атат. Жыл сайын 30-40 миллиондон акча бөлүп айылдык клубдарды ремонттоп атабыз. Бул чекеси гана, үчтөн бирине дагы жетпейт.
Ошондуктан айыл маданиятында иштей турган иштерибиз көп, ал жеке эле Маданият министрлигине эмес, ошол эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына тиешелүү. Мыйзам боюнча айылдык маданият мекемелери жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына тийиштүү. Ошондуктан оппоненттер, албетте айтат. Андай клубдар бизде көп, аны чекесинен көрсөтүп атат. Айыл жеринде акыркы кезде жандануу болуп атат. Мисалы Түп районун, Сокулукту, Кара-Кулжаны караңыздар, бүт жерде аракеттер башталып атат. Себеби айылдык маданияттын системасын биз туруктуу жандандырышыбыз керек.
- Алдыдагы пландарыңыз тууралуу да кыскача маалымат берип кетсеңиздер?
- Алдыда бир топ пландарыбыз бар. Биздин эң негизги милдетибиз - бул маданиятта жаңы реформаны жүргүзүш керек. Биз азыр туруктуу системасын түзүп алдык деп ойлойм. Эми бизде жаңы сапаттуу жагынан өзгөрүүлөр болуш керек. Себеби бүгүнкү маданиятты башкаруу, маданият системасын туруктуу алып баруу бүгүнкү мезгилде башкача көз караштарды талап кылат.
Ошондуктан биз жакын арада ушул маселе боюнча чоң жыйын, ошондой эле коллегия өткөрүп атабыз. Биздин көп жылдан бери иштеп келаткан айрым жетекчилерибиз бар бүгүн өзүнүн креслосунан башка иш жасабай аткан. Ошолорго принципиалдуу түрдө мамиле кылабыз дагы, биз маданиятка жаңы генерациядагы жетекчилерди, бүгүнкү маданий менеджментти түшүнгөн адамдарды алып келишибиз керек.
- Маегиңизге чоң рахмат.