Кабарларга караганда, мектептерде бомбаны пакистандык согушкерлер орноткон. Кол салуудан эч ким жабыркаган эмес. “Талибан” кыймылы менен байланышта болгон согушкерлер кыздардын билим алуусуна каршы чыгып келишет. Буга чейин дагы Пакистандын түндүк-батышында бир нече жолу мектептерде жардыруулар орун алган.