АКШлык генерал Кыргызстанга келет

АКШнын борбордук аскерий башкармалыгынын жетекчиси генерал Дэвид Петреус Бишкекке келди. Кабарларга ылайык АКШ генералынын Кыргызстанга болгон иш-сапары “Манас” аба майданындагы коалициялык күчтөрдүн аскерий аба базасынын кийинки тагдырына байланыштуу болмокчу. Буга чейин генерал Дэвид Петреус Казакстан, Тажикистан өлкөлөрүндө Ооганстанга байланышкан маселелер боюнча сапар жасаган. (ES)