Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, 24.kg маалымат агенттиги жазып чыккандай кызматынан кетирилбегенин айтты. Азыр бир айлык өргүү алып эс алууга гана кетип атканын айткан Н.Шакиев, президенттин катчылыгы түзүлгөнүн, эми маалымат катчы менен маалымат кызматынын милдеттери да ушул катчылыкка өткөнүн, андыктан анын кызматы тууралуу маселе өргүүдөн келгенден кийин чечилерин айтты. (IJz)