АКШнын мамлекеттик департаменти бул гуманитардык жардамды медициналык жабдыктар иретинде жөнөтүп, түштүк аймагындагы аз камсыз болгондорго жана жакында эле жер титирөөдөн жабыр тарткандарга багыштады. Гуманитардык жардам оорулууларды текшерүүчү үстөлдөрдөн, керебеттерден, майыптар үчүн коляскалардан жана түрдүү аспаптардан турат. Акыркы 12 жыл аралыгында АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанга 70 миллион АКШ долларына барабар гуманитардык жардамдарды көрсөткөн. (IJz)