Өкмөт башчы Игорь Чудиновдун Москвага сапары жана энергетика тармагындагы ишканаларды сатуу маселеси боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын мурдагы вицу-премьери, мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов жооп берди.
- Кечээтен бери өкмөт башчы Игорь Чудинов Москвада жүрөт, анын максаты Орусиядан 2 млрд. доллар алуу. Кандай дейсиз, эгер Орусия ал каражатты берсе, кайсы тармакка жана кантип сарпталыш керек?
- Бул 2 млрд. доллар кредит боюнча эки жылдан ашык сөз болуп келе жатат. 2007-жылы Путин 2 млрд.долларды берели деген, 2008-жылдын башында айткан, биз берели десек, силерде ошого ылайыктуу инвестициялык долбоорлоруңар жок экен деп. Анан ошол долбоорлорду биздин өкмөт бере албагандан кийин, биздин өкмөт башчы, мамлекет башчы ошол 2 млрд. долларды кредит катары бергиле деп сураган экен. Ошого Путин менен Медведев макул болуптур. Ошол кредиттин 300 млн. долларын бюджетке карайбыз деген турбайбы, эмне дегенде биз 2009-жылдан баштап сырткы карыздардын үстөгүн, анан негизги суммасын төлөй турган акчабыз 2009-жылы 100 млн. доллар болот. Ошого биздин акчабыз жок.
Ошону алып бюждеттеги жыртыктарга жамай турган кылып 300 миллионун алат экенбиз. Калган 1 млрд. 700 млн. долларды Камбар-Ата ГЭСине жумшайлы деген ойлорду айтышыптыр. Мен ойлойм бул туура деп. Себеби кептин бардыгы, Камбар-Атага кете турган акчанын баардыгын эффективдүү жолдон талап-жулуп жок кылып жибербес механизмин иштеп чыгып, туура колдонуп, Камбар-Ата ГЭСтерин куруп алсак жакшы болот эле. Эмнеси болсо дагы биздин өлкөдөгү бюджет проблемасы, анан эң негизги тышкы карыздардан кандай кылып кутулуу проблемасы аябай чоң дайыма биздин жонубузга тийип тура турган шапалак болуп, ошого айланып кеткен проблема болду. Муну биздин өлкө башчыларыбыз дагы, мамлекет башчыларыбыз дагы, ММКлар дагы жакшы түшүнбөй жатышат.
- Сөзүңүзгө аралжы, Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев энергетикалык кризистен чыгуу боюнча жакында жолдогон катында Орусиянын кредитин энергетикалык тармакты жакшыртууга, Балыкчы-Кара-Кече темир жолун куруп, Бишкек жанына газ чыгаруучу завод курууга жумшалыш керек деп сунуш кылды. Аны өкмөт эске алат деген ишеним барбы?
- Кара-Кеченин көмүрүн жагып газ чыгарабыз деген ал жөн гана окумуштуулардын башындагы ойлору, дүйнөдө антип иштеп аткан эч нерсе жок. Бирок ошол алган кредитти Камбар-Ата ГЭСин курабыз деген Акаевдин айткан сөзү туура деп ойлойм. Бирок ал киши азыр куралы деп жатат. Аскар Акаев өзү президент болуп турган кезинде 14 жыл ичинде жеген 2 млрд. доллар акчанын жок дегенде жарымын Камбар-Ата-1-2ге жумшаганда, ошол эки ГЭС тең ушул убака чейин ишке кирип, бизге аябай көп пайда алып келмек. Бирок ошону ал киши жасаган жок.
- Эми өкмөт 24-январда Бишкек ТЭЦин, жылуулук тармактар ишканасын жана Түндүк электр ишканасын сатыкка койгону жатат. Алар сатылып кетсе кризис дагы күчөшү мүмкүн деген пикир көп эл арасында, сиз ага негиз бар деген ойдосузбу?
- Андай эмес, Бишкек ТЭЦин биз саталбайбыз, аны эч ким алалбайт, Түндүк электрону бүт бойдон жекече колго саталбайбыз, анын бир бөлүгүн, Таластын Түндүк электрого баш ийген бөлүгүн сатып, тажрыйба кылып көрсөк болот. Түндүк электрону бүтүн бойдон биз сата албайбыз, аны эч ким алалбайт, анын системасы аябай кыйын, татаал.
- Эми кайрадан Орусиянын кредитине кайрылсак, айрым саясатчылар ал акча президенттик шайлоого гана сарпталып, элдин мойнуна түшкөн карыз болот деп жатышат. Сиздин пикир кандай?
- Андай деп айтуудан мен алысмын. Бирок ал биздин сырткы карыздын көлөмүн көбөйтөт да. Эгерде экини алсак, биздики азыр 2 млрд. 250 млн. болду, ошондой 4 жарым миллиард карыз менен биз жүрө беребиз да. Анан экинчи жагы да бар, Орусия бизге мурда карыздарды 6-7 пайыз менен берип жүргөн. Ал эми Дүйнөлүк банк мурдагы карыздарды 1-1 жарым пайыз менен берип жүргөн, анан кайсы мөөнөткө берет, ошол белгисиз болуп жатпайбы. Эгерде 6-7 пайыз менен 10-15 жылга берсе дагы Орусиядан ала турган кредитти биз алышыбыз керек дагы, натыйжалуу колдонушубуз керек.