Нарын шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн ичине меш коюла баштады

Нарын шаарынын Ленин көчөсүнүн №6-жана №8- көп кабаттуу үйлөрүндөгү айрым тургундар ушундай чара көрүүгө аргасыз болушту. Маселен, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 85 жаштагы Тезекбай Байшериев карыянын үй-бүлөсү ашкана үйүнө темир меш салып, кернейин терезеден чыгарып от жагып жылынып жатышса, 64-батирде жашаган тургундар темир мешти дараатканага салып, кернейди жел соруучу түтүкчөгө туташтырышкан. Нарын район аралык жылуулук берүү ишканасынын башкы кыбаачысы Алмаз Самүдүн уулу Ленин көчөсүндөгү № 6-көп кабаттуу турак үй бирдиктүү жылуулук системасына кошулбагандыгын айтат. Ал эми Нарын гидрометеорологиялык борбору Нарын шаарында суук күндүзү 6-январдан тарта 20 даражадан кем эместигин билдирди. (KUs)