Балдар үйүндөгү тарбиялангандардын 12 пайызы томолой жетим

Бул туурасында “Азаттыкка” балдар укугун коргоочулардын лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Анын айтуусунда, өлкөдө балдар үйлөрүнүн саны эгемендүүлүктү алган жылдардан бери 3 эсеге көбөйгөн. Балдар үйлөрүндө тарбиялангандардын көпчүлүгү аз камсыз үй-бүлөнүн балдары. Назгүл Турдубекованын айтуусунда, мындай кырдаал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү начар турган үй-бүлөлөр менен иштешпегендиктен келип чыгууда. Ал өлкөдө балдардын, үй-бүлөлөрдүн укугун коргогон атайын министрлик түзүлмөйүн, балдар акыйкатчысы болмоюн абал оңолот деп айтуу кыйын экендигин белгилейт. (AzK)