Европада жөөттөргө каршы чабуулдар күчөгөнүнө Израил тынчсызданууда

Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни анын өлкөсү Газада чабуулдарды баштагандан бери Европада жөөттөрдү коркутуп-үркүтүү күчөгөнүн айтып, бийликтер андай көрүнүштөргө жол бербеши керек деп билдирди. Францияда, Швецияда жана Британияда бир топ жөөт синаногаларына чабуулдар болгону кабарланды.