Кыргызстанда Хизб-ут-Тахрир партиясынын 1833 мүчөсү бар

Булар расмий түрдө катталгандары, ал эми такталбаган маалыматтар боюнча Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик диний партиянын мүчөлөрүнүн саны мындан эки-үч эсе көп. Мындай маалыматты бүгүн КР ИИМдин алдындагы 9-бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Таалай Кадыркулов журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда өткөн 2008-жылы диний экстремизмди жайылтуу боюнча 93 учур катталып, 126 киши кармалган. Буга байланыштуу 39 кылмыш иши козголуп, 47 иштин материалы Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.(ZKo)