Израилдеги соттун билдиришинче журналисттер Газага жерден чабуул башталганы тууралуу материалдарын израилдик цензурадан өткөрбөй туруп эле басууга беришкен. Журналисттерге эч кандай айып тагыла элек, бирок алар түрмөдө олтурушат. Израилде бардык чет-өлкөлүк журналисттер иштегенге аккредитация алыш үчүн жергиликтүү цензурага баш ийиши керек.