Премьер министр Игорь Чудинов эртең НТС телеканалы аркылуу кыргызстандыктар менен түз байланышка чыгат. Анда айыл чарбасына, өнөр жайга, энергетикага, социалдык маселелерге жана дүйнөлүк каржы кризисинин Кыргызстанга таасирине байланышкан суроолорго жооп берери күтүлүүдө. Түз байланышты Аялдар Конгресси уюштурууда. (BuS)