Ички иштер министринин орун басары Т.Субанов кызматынан бошотулду

Бүгүн президент Курманбек Бакиевдин жарлыгына ылайык Ички иштер министринин орун басары генерал-майор Темиркан Субанов ички иштер органында кызмат өтөө боюнча жаш курагына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле Т.Субанов ички иштер органында кызмат өтөөдөн бошотулуп, Куралдуу күчтөргө запаска чыгарылды. (AJ)