Мындай пикирин саясий серепчи Кубан Абдымен “Азаттыкка” президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун кызматтан кетүүсүнө байланыштуу билдирди. К.Абдымендин пикиринде, М.Садыркуловдун кызматтан кетүүсүнүн артында бир нече себеп бар. “Кыргызстанда кырдаал курчуп баратат,коомдо чыңалуу байкалып, өлкөдө таасирлүү окуялар болуп кетиши мүмкүн. М.Садыркулов ушундан кооптонуп, элдин толкундоосунан, саясий окуялардан алыс болуу үчүн ушундай кадамга барды”, - дейт К.Абдымен. Ошондой эле саясий серепчи М.Садыркуловдун кетиши менен ички саясатта өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын айтты. Эми, дейт К.Абдымен, М.Садыркулов аркылуу бийликке келген таасирлүү аткаминерлер кызматтан кете башташат. "М.Садыркулов кызматтан кеткени менен саясатка аралашып жүрө берет. Ага чет жактан тышкы саясатка байланыштуу кызмат сунушталышы мүмкүн"-дейт ал. К.Абдымендин баамында, президентке М.Садыркуловдун деңгээлиндегидей адамды табуу кыйынга турушу мүмкүн. М.Садыркуловдун кызматтан бошогондугу жөнүндө жардыкка президент кечээ кол койду. М.Садыркулов президенттин администрациясында 1990-жылдардын башынан тартып иштеп келген. Ал эми администрация жетекчилигине 2007-жылы дайындалган. (MSu)