БЭКтин саясий кеңеши кезектеги жыйынга чогулат

8-январга болжолдонуп жаткан бул отурумда оппозициядагы саясий күчтөр уюмдун укук-милдеттерин тактап, жобосун талкуулайт. Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов билдирди. Бириккен Элдик кыймыл 24-декабрда түзүлүп, анын курамына Коомдук парламент, КЭРК, “Акыйкат үчүн”, “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылдары жана 7 саясий партия кирген. “Ата мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдиргенине караганда жаңы түзүлгөн тактикалык бирикменин башкы максаты өлкөдө реформа жүргүзүү үчүн Конституциянын чегинде азыркы бийликти алмаштыруу болуп саналат. (BuS)