Транспорт жана коммуникация министрлиги кабарлагандай, бул учурда тоо этегинде кар көп чогулуп, унаа транспортунун кыймылына жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурат. Кооптуу жагдайларды алдын-алуу үчүн кар көчкү боло турган жерлер артиллериялык курал менен атылат. Мында коопсуздукту камсыз кылуу аракетине Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер жана Коргоо министрликтеринин кызматкерлери тартылат. (MSu)