Өкмөт быйылкы патент акы көлөмүн жакында аныктайт

Бул тууралуу “Азаттыкка” Салык боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун сабары Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, патенттин базалык ченеми жөнүндө өкмөт токтомунун негизинде Салык комитети, ишкерлердин ассоциациясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү быйылкы патент акысынын көлөмүн жакында талкуулап аныктайт. Анткени, айлык жүгүртүүдөгү каражаты 4 миллион сомдон ашкан ишкерлер деле салык эмес патент акысын төлөп жүргөн учурлар арбын. Кыргызстанда жылына салыктан 18 миллиард сом, патент акысынан 300 миллион сомго жакын каражат чогултулат.(BD)