Алатоолук бармендердин алгачкы курултайы өтөт

Кыргызстандагы бармендердин ассоциациясынын курултайы 27-январда Тарых музейде болот. Аталган бирикменин башчысы Руслан Арпачиевдин маалымдашынча, иш-чаранын максаты өлкөдөгү бармендердин кесипкөй коомчулугун түзүү, Эл аралык бармендер ассоциациясына кошулуу эсептелет. КБА ошондой эле бул кесиптин ээлерин дыкат даярдоо боюнча атайын мектеп ачууну пландаштырууда. (EBM)