Быйыл дан 400 миң га жерге эгилет

Айыл, суу чарбасы жана кайра иштетүү министрлигинин басма-сөз кызматы кабарлагандай, 2009-жылы 1 миллион тонна буудай алуу пландаштырылууда. Министрликтин белгилешинче, бул толугу менен өлкөнүн ички керектөөсүн камсыз кыла алат. Былтыр 300 миң га аянттан 800 миң тонна буудай алынган.(MSu)