Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча борбор калаадагы муниципалдык 200 автобустун баары саат 23кө чейин иштешет. Андан кийин калган 20 автобус түн ортосунан оогончо, тагыраак айтканда саат 2 ге чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Автобустардын орду эл көп топтолуучу Алатоо аянты тарапта болот, деп кабарлайт шаардык мэриянын басма сөз кызматы.(ZKo)