Британия жана Австралия Ирак менен өз аскерлерин дагы жети айга калтыруу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык, Британия жана Австралиянын жоокерлери Иракта 2009-жылдын июль айына чейин болот. Буга чейин АКШ дагы Ирак менен ушул өңдүү макулдашуу түзгөн, ага ылайык, америкалык жоокерлер Иракта 2011-жылга чейин калат.