Дагестанда Орусиялык генерал-майор курман болду

Дагестанда кечээ Орусиянын ички иштер министрлигинин генерал-майору Валерий Липинский бараткан унаага белгисиз адамдар ок ачкан. Ички аскер башкармалыгынын Түндүк-Кавказ боюнча аймактык штабынын жетекчинин орун басары Липинский окуя болгон жерде көз жумган. Анын жубайы жана досу оор жараат алганы кабарланууда. “Интерфакс” маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Липинский Махачкалага иш сапары менен бараткан. Куралдуу кол салуу боюнча кылмыш иши козголду.