И. Карыпбеков: Сөз эркиндиги жаатында өкүнүч көп

Өтүп бараткан 2008-жылы сөз эркиндиги жана журналистика тармагында кандай өзгөрүүлөр болду. Бул суроого жооп издеп, “Азаттык” Кыргызстандын медиа өкүлү Илим Карыпбековду түз маекке чакырды.
- Медиа өкүлчүлүк Кыргызстандагы сөз эркиндигине быйыл кандай баа берди болду экен?

- Биздин баарыбыз бул жылы өтө өкүнүчтүү болду. Себеби жалпыга маалымдоо каражаттарына көп-көп чектөөчү механизмдер киргизилди. Мыйзам жагын айтып кете турган болсок, телерадио компаниялар жөнүндө мыйзам кабыл алынып, ал жерде аткарылгыс механизмдер киргизилип, көптөгөн телерадио компаниялар аткарылбай турган иш аракеттер ошол жерге көрсөтүлгөн болуп чыкты.

Мындан тышкары бир катар басылма маалымат каражаттары жабылды. Журналисттерге карата сокку-токмоктоолор дагы эле уланып жатат.

Андан тышкары укук коргоо органдары 2006-07-жылдардай эле эч кандай чараларды көрбөй, кылмышкерлерди, күнөөкөрлөрдү таап жоопкерчиликке тарткан жок. Мындан тышкары бизде Кыргыз Республикасында биринчи жолу Кылмыш Кодексинде буга чейин дегеле колдонулбаган беренелер колдонулуп кетти. Мына азыр көрүп атасыңар, “Азаттыктын” дагы чыгышына чектөөлөр коюлуп жатат.

- Быйыл УТРК жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды. Ушуну басма сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алууга болобу, же Кыргызстан үчүн негизги маалымат каражаттар сөзсүз түрдө азыр ушул шартта мамлекеттин көзөмөлүндө турушу зарылбы?

- Албетте, биз демократиялык мамлекет болгондон кийин, коомдук телеберүү жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин ошол багытта кетишибиз керек болчу. Ал эми коомдук телеберүүнүн болушуна тыюу салып, УТРК жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин бул кайсы бир деңгээлде чектөө болуп эсептелинет. Бул биз кайра артка чегинип, артка кетенчиктеп бараткандыгыбыз болот.

- Быйыл маалымат каражаттарынын ишмердигинде кандай өзгөчөлүктөр байкалды. Менин сурайын деп атканым, мисалы кесипкөйлүк, калыстык, тактык өңдүү журналистиканын талаптарын эске алып атам?

- Ал жагынан эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Тескерисинче, тилектештик деген жок. Бири-бирин сабап кетип атса, ММКлар жабылып кетип атса ага эч кандай кайрымдуулук, тилектештик, кесипкөйлүк деген белгилер болгон жок тилекке каршы. Мунун себеби менимче турмуштун татаалдашып бараткандыктан. Ар бир журналист өзүнүн иштеп жаткан ордун өзүнүн кесибинен өтө жогору баалап, ошол жерден нан таап, айлык алып атканына бекем кармап, эмне гана дебесин, өзүнүн ээлери ошону аткарып, жалаң аткаруу багытында гана иштеп калды деп айтып кетмекчимин.

- Азыр ушул журналисттердин укуктарын, маалымат каржаттарынын укуктарын коргоочулар жакында сиздер билдирүү тараттыңыздар, анын катарында “Журналист” коомдук бирикмеси да бар экен. Ошол коомдук бирикменин маалыматына караганда келерки жылы журналисттерге кол салуу күчөшү мүмкүн деп айтты. Мындай божомолго ынанууга болобу, мунун негизи эмнеде?

-Ынанууга болот. Мунун негизи биздин укук коргоо органдарыбыздын биринчи кезекте журналисттерге болгон кайдыгерлик мамилеси жана экинчи кезекте сот органдарынын журналисттерге болгон мамилеси терс жагынан күчөп баратышы. Себеби азыр журналисттерге каршы болгон доо арыздар күчөгөндөн күчөп, аларга каршы чечимдер уламдан-улам көбөйүп баратат.

Ушуга негизденип 2009-жылы ушундай болот деп айтып жатканыбыз ушул. Бул катуулаган мамиле күчөшү мүмкүн. Мындан тышкары коомчулуктагы терс элементтерибиз дагы журналисттер менен болгон мамилени аларды сабап-тепкилеп чечүү жолу менен гана чечип коебуз деген да ой пикир күч алышы мүмкүн. Албетте, кандайдыр бир кескиндүү чараларды колдонбосо бул терс багыт күчөп кетиши мүмкүн.

- Биздин кээ бир кесиптештер журналистке атайын макам керек өзүн коргоо үчүн деп атат. Сиз кандай дейсиз, ошондой макам керекпи?

- Ал макам жөнүндө маселеге өтө этияттык менен келиш керек. Макам болбосо дагы эң биринчи кезекте журналисттерге адамдык мамиле керек, журналистти өзгөчө баалоо керек. Биздин коомчулугубуз, бийлигибиз, дегеле коомчулугубуздун ар бир бөлүгү журналисттерибизди баалап, эске алса, албетте, маалымат да ошондо сапаттуу болмокчу.

- Маегиңизге рахмат.