Жаштар концепциясы боюнча программа даярдалат

Жаштар департаментинин жетекчиси Айдар Жоробеков “Азаттыктагы” маегинде жаштар саясаты боюнча жаңы концепцияны ишке ашыруу үчүн улуттук программа даярдаларын билдирди. 10-ноябрь Кыргызстан жаштарынын күнүндө бул жаңы концепция коомдун талкуусуна коюлган. Документтин башкы өзгөчөлүгү - анда жаштар үч топко бөлүнгөн жана мамлекеттин жаштар саясаты дал ушул топтордун кызыкчылыган жараша жүргүзүлөрү аныкталган. Концепцияны иштеп чыгууга оппозициялык, бийликчил жана калыс турумдагы жаштар тартылган. (EBM)