Ооганстанда чет элдик дагы жоокер көз жумду

Ооганстанд а кызмат кылган британиялык жоокер Гилменд вилайетинде согушкерлер менен кагылышууда набыт болду. Бул тууралуу Британиянын Коргоо министрлиги билдирди. 2001-жылы Британия Ооганстандагы согуштук жаңжалга кошулгандан бери британиялык 130 жоокер мерт болгон.