2008-жылы Ч.Айтматовдун урматына 550 иш-чара өттү

Бул тууралуу мамкатчы Досбол Нур уулу кечээ маркум жазуучунун 80 жылдыгына карата мааракелик иш –чараларды уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди. Ага ылайык бул маданий иш-чаралардын дээрлик жарымы Ч.Айтматовдун өзүнүн катышуусу менен өткөн. “Тилекке каршы, бул иш-чаралардын жарымы – улуу жазуучуну эскерүү болуп калды” –деп кейиди мамкатчы. Жыйын соңунда жыл сайын Айтматов форумун өткөрүү, Айтматов энциклопедиясын түзүү, жазуунун замандаштарынын эскерүүлөрүнун негизинде даректүү тасма тарттыруу сунуштары түштү. (EK)