Бириккен оппозициянын АКШга барган жетекчилери Кыргызстанга 23-декабрда кайтып келишет. Мындай кабар “Азаттыктын” АКШдагы кабарчысынан алынды. Алар Бишкекке келгенден кийин 24-декабрда Бириккен элдик кыймыл деген жаңы саясий кыймылды түзүү макулдашуусуна кол коюшат. Анын максаты Курманбек Бакиевди кызматтан кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана Конституцияны өзгөртүп, шайлоо өткөрүү максатын көздөп жатышат. (BD)