Апта: Оппозициянын лидер тандоосу, АКШ базасы, Москва насыясы...

Өткөн аптада оппозиция лидерлери АКШда болду. Кыргызстанда Россия бөлө турган насыянын шарты талкуулана баштады. АКШ базасын чыгаруу демилгеси бийлик тарабынан кыйыр түрдө козголду.

Оппозиция лидер тандай баштадыбы?

Кыргызстандын оппозициялык саясатчыларынын бир тобу өтүп бараткан жума ичинде Америка Кошмо Штаттарында сапарда болду. Алар оппозиция иштеп чыккан Кыргызстанды өнүктүрүү концепциясын Американын саясий чөйрөсүнө тааныштыруу максатын көздөгөн менен сапар учурунда кыргыз оппозициясынын арасындагы лидер маселеси козголуп, Аликбек Жекшенкулов да, Равшан Жээнбеков да “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев улуттук лидер болууга бышып жетилди деген пикирди айтып жиберишти.

Жалпы оппозиция лидерин аныктоо маселеси ушул кезге чейин аябай назик тема болуп, ал ачык айтылбай жана талкууланбай келген. Саясатчылар бул маселе амбициялуу лидерлердин талашын жаратып, жалпы ишке тоскоолдук кылат деп келишкен. Эми болсо ал ачыкталды. Маселе эми АКШга сапарга барган оппозициячыл саясатчылар тааныган лидерди ал жакка барбай, бул жерде калгандары тааныр, тааныбасында калды?

Ал эми АКШга барбаган саясий лидерлер арасында өзүнчө топ курап, партия түзүп, лидерлик-президенттик үчүн бел байлагандар арбын.

Маселен, Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев өзүн да, партиялашы Бакыт Бешимовду да президенттикке
бышып калган саясатчы катары көрөт.

Булардан сырткары Исмаил Исаков, Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров да президенттикке ат салышуудан тартынбай тургандар.

Саясат таануучу Валентин Богатырев оппозициядагы лидерлик тууралуу мындай пикирин ортого салды:

-Менин оюмча, азыркы мезгилде оппозициялык күчтөр өз ара топтошууларды баштап жатат дегенге эртелик кылат. Эгерде оппозия мына ушул ишти азыр баштап калган болсо, анда алар пайдадан зыянга көбүрөөк учурап калат. Менимче азыркы кезде оппозиция чогуу түрдө бир жерге мелжеп соккуну күчөтүп, андан кийин мезгили келгенде лидерликти карашса дурус болот эле. Тилекке каршы алар азыркы мезгилде эле орун талашып жаткандай.

Дагы бир саясат таануучу Марс Сариев оппозиция катарындагы процесстерге мындай баасын берди:

- Менин оюмча, оппозиция бириге албайт го. Азыркы оппозициянын лидерлерин четинен карап көрөлүчү. Баары эле президент болгусу келет. Ошондуктан ушундай талаш боло берет ко. Буларда бирдиктүү программа түзүп, бир топко чогулуп, бир идеяны ишке ашыралы деген ою жок. Мен ошондуктан көп ишене бербеймин да.

Акыркы маалыматтар боюнча, оппозициялык күчтөр 24-декабрда "Бириккен элдик кыймыл" (БЭК)деген аталыштагы бирдиктүү кыймыл түзүшөт. Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун билдиргенине караганда, БЭК деп аталган жаңы кыймыл азыркы президентти кызматтан кетирип, убактылуу өкмөт түзүү жана жаңы Конституцияны кабыл алуу максатын көздөйт. Жаңы кыймыл түзүлгөндө мурунку кыймылдар жоюлат. Азыркы кезде Бириккен элдик кыймылга төрт кыймыл жана 7 партия кире турган болуп жатат.

Россия бөлө турган насыянын шарты кандай?

Бийлик болсо өтүп бараткан жумада бюджетти кабыл алуу, ишкерлерге шарт түзүүнүн үстүндө иш жүргүздү. Аны менен кошо Россия бөлүүгө ниеттенген 2 миллиард доллар насыя талкууга алына баштады. Маалым болгондой, Россия 2 миллиард доллардын 300 миллион долларын жеңилдетилген шартта, көп жылдык мөөнөткө бюджетти колдоого берүүнү көздөөдө. Ал эми калган 1 миллиард 700 миллион доллар LIBOR+ 3 деген шартта берилери кабарланууда. Бул жылына 10% үстөк дегенди билдирмекчи.

Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетов бул оор шарт деп эсептейт:

- Бул аябай оор шарт. Жогору пайыз. Аны көтөрүүгө биздин күчүбүз жетпейт. Бирок биз азыр кандай насыя болсо да ала беребиз. Анткени биздин чоңдор азыркы жыртыкты жабыш үчүн алышат. Булар бир-эки жылдан кийин кетет. Анан кесепеттин баары, кыйынчылыктын баары кийинки муундарга калат. Акаев да ушундай кылган, менин убагымда жакшы болсун. Мени жакшы дей беришсин. Насыяларды ала берейли, жей берейли деген.

Социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов да орус насыясынын шарты өтө оор болуп каларын өкмөткө эскертип жатышканын ачыктады:

- Ошол Россиядан насыя алына турган болуптур. Шарттары татаал экен деп өкмөткө суроо бердик. Алар ага азырынча жооп бере албай турат. Эми чындап айтканда азыркы бийликтен акылдуу ой чыгып, Кыргызстандын пайдасына бир нерсе чечерине ишенбеймин. Анткени бул өкмөттү ооздуктап, жетелеп алган Ширшовдун мафиясы болуп жатпайбы.

Базарбай Мамбетов Россиядан бюджетке 300 миллион доллар карыз алууга каршы чыгып, мамлекеттин карызы өсүү жолунда экенине токтолду:

- Биз бюджетке эч качан сырттан карыз албашыбыз керек. Эми мына байкап көрсөк, 2006, 2007, 2008-жылдары –үч жылдын ичинде коомчулукка айтпай, сырттан бычып жүрүп, карыз алып жатабыз. Анын натыйжасында 2009-жылдын 1-январга карай тышкы карызыбыз 2 миллиард 150 миллион доллар болот экен. Ошону менен үч жылдын ичинде биздин тышкы карызыбыз 300 миллион долларга көбөйүп жатат.

Талдоочулардын пикиринде, эгерде кыргыз бийлиги орус насыясын алып, келерки жылы экономикага аны натыйжалуу пайдалана алса, анда президент Курманбек Бакиевдин 2010-жылы кайра шайлануусуна ого бетер оңтойлуу шарт түзүлөт.

Саясат таануучу Марс Сариев мындай пикирди кубаттайт:

- Албетте ошондой болот. Бакиев да ошону эсептеп жатат. Ошол акча келсе, аны Акаевдей эмес, жакшы пайдаланса, анда Бакиев бийлигинде калат.

АКШ базасын чыгаруу боюнча маектин артында эмне турат?


Бул жумада Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөрүүлөргө алып келе турган билдирүүлөр жасалды. Бир жагынан оппозициянын айрым лидерлери АКШда жылуу кабыл алынса, экинчи жактан демократиялуу батышка жага бербеген иштер, тагыраак айтканда, маалыматтын жайылышына тоскоолдук жасалган аракеттер өлкө ичинде жасалды. Бул демократиялуу батышка жага бербеши турган иш.

Ал эми Кыргызстан үчүн эң таасирлүү өнөктөштөрдүн бири болгон Россия, АКШ Өзбекстан жана Казакстанга аскерий база курууга ниеттенип жатканын билдирип чыкты. Өзбекстан Евразия экономикалык шериктештигинен эле эмес, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан да чыгат деген кабарлар пайда болду. Бул маалыматтарды 19-декабрда Астанада болгон КМШ мамлекет башчыларынын бейформал саммитине өзбек президенти Ислам Каримовдун катышпай коюусу кыйыр далилдегендей болуп турат.

Региондо мына ушундай көрүнүштөр орун алып турган убакта президент Курманбек Бакиевдин россиялык “Свободная пресса” аттуу

маалымат каражатына маеги жарыяланып, анда кыргыз мамлекет башчысы "Манас" аба майданындагы АКШнын базасын чыгаруу маселесин көтөргөн.

Кыргызстандын тышкы саясатында олуттуу өзгөрүүлөргө алып келе турган ал маек кийинчерээк тастыкталган жок. Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев маектин болгондугун күмөнгө алды:

- Мен билгенден мындай интервью болгон эмес. Аны тактай албайт экем. Бул каяктан пайда болгону белгисиз. Ошон үчүн бул чындыкка коошпогон маселе. Себеби мындай интервью болбогон. Ошону эми териштириш керек...

Бирок маселе козголуп, ал Москва тараптын демилгеси экени байкалды. Анткени маек орус басма сөзүндө жарыяланып, Москвага жага турган сөздөр айтылган...

АКШ базасына байланыштуу маектин чыгыш максатын саясат таануучу Марс Сариев кыргыз оппозициясын жылуу кабыл алган АКШга “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей белги болушу мүмкүн деген оюн ачыктады:

- Мен ойлоймун, ошол багыттагы саясий оюн болушу ыктымал. Америкага ошентип айтып коюп, андан кийин башкага буруп кетип дегендей. Бул эми маалыматтык согуштун элементтери. Америкага белги берилди. Бирок бул Россияга жакшы. Анткени база жөнүндө сөз күн тартибине кайрадан коюлуп калат. Анан Курманбек Бакиевге да жакшы. Америкадан, быяктан да ага карай чуркап баштайт.

Кыргыз коомчулугунда АКШ базасы тууралуу бир жактуу пикир жок. Айрым саясатчылар, саясий партиялар базаны чыгаруу демилгесин көтөрүп келе жатканы маалым.

Бирок базанын миссиясы тууралуу башкача ойлогон, Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмесин аткарыш керек, база калыш дегендер да жок эмес. Маселен, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков ушундай пикирде:

- Эгерде кете турган болсо Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы кадыр-баркы катуу түшөт. Анткени, алардын келген максаты - эл аралык терроризмге каршы күрөшүү. Кыргызстан ага өз салымын ошол авиабазаны жайгаштыруу менен кошуп жаткан. Бул абдан чоң маселе. Муну менен биргелешкен Европа өлкөлөрүнүн, кээ бир Азия өлкөлөрүнүн техникалары жайгашкан. Анан биз дагы эл аралык уюмдардын мүчөсү катары өзүбүздүн салымбызды да кошуубуз керек да. Ошонун негизинде айтаарым, булардын бизде бүгүнкү күндө турганы абдан туура иш деп эсептеймин.