Ат-Башыда мектептерге келген көмүрлөр мамлекеттик кызматкерлерге сатылып кеткен

Маалыматтарга караганда, Ат-Башы районундагы Жумамүдүн Шералиев атындагы орто мектептин деректири Байбосунова жалпысы 13 тонна көмүрдү 37 миң 700 сомго баалап жок кылган. Ошондой эле Ат-Башы райакимчиликтин аппарат жетекчиси жана райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектептерге келген көмүрлөрдөн ар бири 7 тоннадан алышкан. Ал эми Шералиев атындагы орто мектептин деректиринин орун басары Осмонов 42 тонна көмүрдү жалган эсепке киргизген. Ат-Башы районунун акиминин орун басары Гүлдөөсүн Мусакеева “Азаттыкка” бул жагдай боюнча кабардар эмес экендигин айтса, райондук акимчиликтин аппарат жетекчиси Кубан Айдаралиев азырынча эч кандай маалымат бере албастыгын билдирди. (KUs)