Ооган полициясы сынга алынды

Эларалык Кризис тобу “Ооганстанда коррупциячыл полиция өкмөттүн атын каралайт” деп билдирди. Уюмдун жаңы отчетунда айтылгандай, Ооганстандын элет жеринде жашагандары үчүн полиция - өкмөттүн атынан сүйлөгөн жападан жалгыз орган. Бирок ал жактагы адамдардын көбү полисмендерди кылмыштуулукка каршы күрөшө тургандар эмес, пара талап кылчу адамдар деп билишет.