"Freedom House": Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү эң ишенимдүү, көз каранды эмес маалымат булагына бут тосууда

Вашингтондогу “Эркиндик үйү” уюму (Freedom House) программаларын алдын ала көрсөтмөйүнчө “Азаттык” үналгысынын уктурууларын токтотуу жөнүндө кыргыз өкмөтүнүн чечимин цензура орнотууну көздөгөн олдоксон жана зыяндуу аракет катары сындап чыкты. Мамлекеттик сыналгынын башчысы Мелис Эшимкановдун “Азаттыктын” уктуруулары “өкмөт үчүн ашкере катуу жана ашкере сынчыл” мүнөздө деген билдирүүсү кыргыз бийлигинин мындай максатын кашкайта көрсөтүп тургандыгы айтылган.
“Экономикасы кеселдеп, кедерине кетип, электр кубаты туташ өчүрүлүп жатканда кыргыз өкмөтү өлкөдөгү эң бир ишенимдүү, көз каранды эмес маалымат булагын жок кылууда,- деп билдирген “Эркиндик үйү” уюмунун Борбордук Азия боюнча өкүлү Жеф Голдштейн. – Цензура орнотууну көздөгөн бул олдоксон аракет оңунан чыкпайт жана акыр түбү зыян алып келет”.

Кыргызстандагы эркиндиктин деңгээли соңку эки жылдагы иликтөөлөр боюнча улам азайып баратканын белгилеген “Эркиндик үйү” уюму "Азаттык" үналгысынын айланасындагы окуяларды 2005-жылы болгон Жоогазын ыңкылабынан кийин Кыргызстанда бийликти президент Курманбек Бакиев менен анын туугандарынын колунда чогултуу жана анын эркин жыйындарды чектөө, атаандаштарынын оозун басуу аракеттери менен бир байланышта карайт . “Соңку чечим өлкөдө көз каранды эмес журналисттердин оозун басуу үчүн коркутуп-үркүтүү, күч колдонуу менен коштолгон аракеттердин күчөп чыкканын көрсөтүп турат”,-деп айтылат аталган уюмдун билдирүүсүндө. "Эркин басма сөзгө каршы урулган соңку сокку Кыргызстандын ичиндеги проблемалар менен өлкө жетекчилиги авторитардык ыкмага салып күрөшүп жатканын кашкайта көрсөтүп турат”,- деп баса белгилейт Голдштейн. (KCh)