Президент Кыргыз-Орус университетинин 15 жылдык мааракесине катышты

Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн Кыргыз-Орус-Славян университетинин 15 жылдык мааракесине катышкан президент Курманбек Бакиев окуу жайдын постсоветтик чөлкөмдө уникалдуу эл аралык окуу жай болуп калганын белгиледи. “Ошондуктан, университетке өзгөчө миссия жүктөлөт. Университет билим берүүчү гана мекеме болбостон, илим изилдөөчү, аналитикалык, маданий жана идеологиялык да борбор болушу керек”,-деди мамлекет башчы. Мындан соң президент университеттин өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон окутуучуларына “Даңк” жана “Данакер” медалдарын тапшырды. К.Бакиев аталган окуу жайдын ардактуу доктору. (КЕ)