Нобель сыйлыгынын ээси АКШнын энергетика министри болот

Физика боюнча Нобель сыйлыгын 1997-жылы алган Стивен Чу болочок администрацияда энергетика министри болорун АКШнын шайланган президенти Барак Обама кечээ жарыялады. Стивен Чу абага булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуунун жана энергиянын альтернативалуу булактарын табуунун кызуу жактоочусу. Шайланган президент Барак Обаманын айтымында окумуштуунун бул кызматка дайындалуусу илим жана жаңы энергетикалык саясат анын администрациясынын артыкчылыктуу маселелеринен болорун далилдеп турат. Барак Обама кызматка 20-январда расмий киришет.