А.Жекшенкулов: Мага кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жок

Башкы прокуратура кечээ мурдагы тышкы иштер министри А.Жекшенкуловго каршы кылмыш ишин козгоду. Учурда Вашингтондо иш сапары менен жүргөн А.Жекшенкуловду АКШдагы кабарчыбыз ушул козголгон кылмыш ишине байланыштуу кепке тартты.
- Аликбек мырза, Кыргызстанда сизге карата кылмыш иши козголду деген маалымат чыкты. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Бул жерде менин оюмча Ак үйдүн атайын саясий тапшырмасы аткарылып жатат. Эмне деп айтаар элем, бийлик аргасы кеткенде ар кандай маскаралоого, башка ыплас ыкмаларга өттү. Негизинен тендер маселеси болобу, башка маселелер болобу, бул кылмыш ишине негиз жок, мыйзамсыз деп эсептейм.

- Азыр сиз Кошмо Штаттарында жүрөсүз, мына ушул убакта ушундай кылмыш ишинин козголушунун кандайдыр бир себептери барбы?

- Албетте себептери бар. Анткени булар күткөн эмес, биздин Америкага келип, чоң деңгээлде дүйнөлүк саясаттагы таасирлүү кишилер менен жолугуп, алар менен пикир алмашуубузду. Биз бул жерден чоң колдоо алып атабыз. Ошонун негизинен алар аябай тынчсызданып, бизди маскаралаганга жол салып атат.

- Ошол эле мезгилде айрым дагы бир башкача пикирлер пайда болууда. Бул кыргыз бийлигинин оппозициянын активдүү мүчөлөрүнүн бири Аликбек Жекшенкуловго карата жасалган атайын уюштурулган чагым иши, ошондой эле бул кылмыш ишти Аликбек Жекшенкулов өзү Кыргызстанда жок мезгилинде козголгондугунун себеби, анын Кыргызстанга келүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде тоскоол болуу иретинде деген ойлор айтылууда. Сиз буга кандай карайсыз?

- Бийлик кандай ойдо болбосун, кандай бир максаттарды койбосун, менин оюмча булардын колунан бүгүнкү күндө эч нерсе келбей калды. Албетте атайын бир нерсени уюштуруп, провокация жасашы мүмкүн. Бирок корко турган эч нерсе жок, анткени мен айтып атпаймбы, жалаа жапканга аракет кылганына бир дагы негиз жок.

- Аликбек мырза, мына сиздердин Кошмо Штаттардагы сапарыңыздар бир жумадан кийин аяктайт, сиз Кыргызстанга кайтасызбы?

- Албетте кайтам.

- Кыргызстанда кандайдыр бир жоопкерчиликке тартылам деп тынчсызданбайсызбы?

Буюрганын көрөбүз да. Бирок мен айтайын, корко турган эч нерсе жок. Мыйзамды мен бузган эмесмин, мамлекеттин каражаттарына кол салган эмесмин, ошон үчүн мен коркпойм.