Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулардын кеңеши бүгүн жыйналат

Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочулар өз жыйынында өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулашат. Алдын-ала таратылган маалыматта укук коргоочулар Кыргызстанда сөз, эркин жыйналуу укуктары коркунуч алдында экендигин белгилешкен. Укук коргоочулар жыйында ошондой эле Ноокат окуясын да талкуулоону белгилеп жатышат.(AiT)