“Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов”

Бүгүн кыргыз эл жазуучусу, маркум Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Мына ушул күндүн урматына өлкөдө китеп көргөзөмөсү ачылып, кинотеатрларда Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлүп, жана башка бир катар маданий иш-чаралар өтөт.

Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган мааракелик иш-чаралар бүгүн саат тогузда маркумдун сөөгү жаткан Ата-Бейиттеги мүрзөсүнө гүл коюу менен башталат. Ага өлкө башчысы баштаган, өкмөт мүчөлөрү, интеллигенция өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышат. Ал эми кечинде улуттук филармонияда чоң программадагы салтанат өтөт. Программанын алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган театралдаштырылган оюн-зоок болоорун кабарлады Маданият жана маалымат министрлигинин Улуттук маданият борборунун жетекчиси Рыскул Боронбаев.

Бүгүн ошондой эле райондордун, облустардын борборлорунда жана айылдарда да ушул мааракеге арналган эскерүү жыйындары өтүп, жогорку жана орто окуу жайларында жолугушуулар болот. Мындан сырткары музейлерде, китепканаларда көргөзмөлөр ачылат. Улуттук китепканада “Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу көлөмдүү чоң китеп көргөзмө ачылат.

Айтматовдун чыгармалары кино жана театр көркөм өнөрүндө чагылдырылышы тууралуу, маркумдун жакындары, замандаштарынын эскерүүлөрү камтылган жана башка бөлүмдөр бар. "Кыргыз кино" департаменти да бул мааракеден четте калбай өз салымдарын кошот. Аталган департаменттин жетекчисинин милдетин аткаруучу Абибила Пазыловдун айтуусунда кино үйүндө киноишмерлер чогулуп, Айтматовду эскеришет. Ошондой эле ушул күнү борбордогу айрым кинотеатрларда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт.

Ала-Тоо кинотеатрында казак режиссеру Ардак Амиркулов тарткан “Жаныбарым Гүлсары” тасмасы жүрүүдө. Бул фильм менен катар эле Болот Шамшиев тарткан “Ак кеме” көркөм фильми көрсөтүлөт. Ушул күнү Чынгыз Айтматовдун чыгармалары топтолгон 8 томдук китептин бет ачары аземи болот.