Бүгүн Жогорку Кеңеште бир катар маселелер каралат

Алардын ичинде Мамлекеттик кызмат боюнча агенттигинин ишинин 9 айдагы жыйынтыгы, Административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүү, Жогорку соттун судьясы Абдыкапар Үсөновдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулушу, УТРКнын байкоочу кеңешинин курамын бекитүү маселеси бар. 9-декабрда Билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети байкоочу кеңешке өлкө башчысы сунуштаган 11 адамдын талапкерлигин караган. Президент тарабынан сунушталган талапкерлер бийликке көз каранды болушуп, тиешелүү деңгээлде иш алып бара алышпайт деп, СДП фракциясынын эки депутаты аларга каршы болушкан. (AJ)