Пакистан өкмөт башчысы Гилани Мумбаи теракттары үчүн шектелген эки кишинин кармалышын бышыктады

Зари-ур-Рехман Лахви жана Зарар Шах “Лашкар-и Тайба” согушкер тобунун мүчөлөрү делинүүдө. Алар азыр Пакистандын түрмөсүндө кармалууда. Индия бийлигинин ырастоосунда, Лахфи кандуу кол салууларды уюштурган адамдардын бири. 26-ноябрда болгон теракттардан 170тен ашуун адам каза тапкан. Исламабад чабуулдар үчүн шектелгендерди Делиге өткөрүп бербей турганын айтууда.