Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын мүчөсү Жыргалбек Турдукожоев билдирди. Анын айтымында, облустук жыйынга партиянын Жогорку Кенештеги депутаттары Роза Отунбаева менен Кубанычбек Кадыров катышып жатышат. Анын күн тартибинде өлкөнүн азыркы саясий-экономикалык абалын талкуулап, партиянын ушул айда өтүүчү 9-курултайына делегаттарды шайлоо. Партия мындан кийин Талас облусунда конференциясын өткөрөт. (BD)