Чиркөөнүн билдирүүсүндө Алексий бүгүн эртең менен Москванын четиндеги резиденциясында 79 жаш курагында көз жумганы айтылат. Патриарх көп жылдардан бери жүрөк оорусунан жабыркап жүргөн. Ал дүйнөдөгү эң ири православ чиркөөсүн 1990-жылдан бери жетектеп келген. СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев биринчилерден болуп көңүл айтты. Патриарх туулуп өскөн Эстониянын бийликтери да көңүл айтуу телеграммасын жиберишти.