Талкуу бүгүн ИИМ жетекчилиги, облустук, аймактык милиция башчылары жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен өтмөкчү. Анда ички иштер тармагын реформалоо боюнча биргелешип түзүлгөн бир катар долбоорлордун ишке ашырылуусу: жетишкендиктер, ийгиликтер жана кемчиликтер тууралуу кеп болот.
Кыргызстандын ички иштер тармагын реформалоого ЕККУ 2002-жылдан тартып кирише баштаган.(ZKo)