Россия АКШга жооп иретинде стратегиялык ракеталарын жаңылантуунун үстүнөн иштеп жатат

Бул тууралуу өлкөнүн стратегиялык ракета бөлүктөрүнүн командачысы генерал-полковник Николай Соловцов билдирди. Анын ырастоосунда, континеттер аралык баллистикалык ракеталар жаңы талаптарга ылайыкташтырылат. Орус расмий өкүлдөрү Вашингтондун космоско курал-жарак орнотуу долбоору жаңы жарыша куралданууга алып келиши ыктымал деп эскертишүүдө.