СПИДке каршы күрөш күнү Кыргызстанда да белгиленүүдө

1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү боюнча эл аралык күн. Бул күнгө байланыштуу бүгүн Кыргызстанда акысыз кан берүү боюнча кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлөт. Борбор Азиядагы Америка университетинин бүтүрүүчүлөрүнүн күчү менен уюштурулган мындай иш-чаранын бири Саламаттык сактоо министрлигинин кан берүү боюнча республикалык борборунда саат ондон күндүзгү экиге чейин болот. (BD)