Т. Акун Орто Азия Акыйкатчылар бирикмесин түзүүнү сунуштады

Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай демилгени Брюсселде Еврошаркет менен Борбор Азиянын Адилет министрлеринин жыйынында көтөрдү. Талкууга Борбор Азия жумуриятындагы Акыйкатчылардан жалгыз Турсунбек Акун жана кыргыз Адилет министри Нурлан Турсункулов катышты. Акыйкатчынын “Азаттыкка” билдиришинче, анда негизинен аталган аймактагы мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу, адамдун укугун сактоо маселелери көтөрүлдү. Адам укугу жаатындагы жылыштар жана кемчилитер тууралуу баяндама жасалды. Евробиримдиктин Адилет министрлери жыйын соңунда Борбор Азия менен адам укугун коргоо жаатта кызматташууну өнүктүрүү боюнча чечим кабыл алышты. (EBM)