Ишенбай Кадырбековдун ишине байланыштуу сот 3-декабрда улантылат

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн сот жараяны жүрдү. Бир катар күбөлөр суралгандан кийин сот ишти 3-декабрда уланта турган болду. И.Кадырбековго сот 17-ноябрда башталган. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, 2006-2007-жылкы жер титирөөлөрдөн жабыркаган айылдардагы мектептердин курулушуна мамлекеттик бүджет акчасын артыкбаш сарптоого жол берген деп айып тагылууда. Ишенбай Кадырбеков болсо мындай айыптоолорду четке кагып, муну саясий өнүттөгү иш катары баалоодо.(AJ)