Бүгүн Бишкекте башталган экинчи эл аралык турнир спорт чебери, маркум Раатбек Санатбаевдин элесине арналган. Иш-чаранын ачылыш аземине вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев катышты. Ал өз сөзүндө Р.Санатбаевдин кыргыз элине баа жеткис эмгек сиңиргенин жана анын аты эч унутулбастыгын айтты. Р.Санатбаев Кыргызстан жана Казакстандын эмгек сиңирген спорт чебери болгон. (AiJu)